<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Bm</key>
<lyrics>[V1]
.Hm
 Өмүрдүн келип аягы,
.G                  Hm
 Өксүтүп нечен жандарды,
.Hm
 Кадалып айкаш жыгачка,
.Gm                 Hm
 Жазыксыз колуң канады.
.Em                  Hm
 Болбостур мындай жаңылыш,
.Em                 Hm
 Күнөөсүз чектиң азапты.

[V2]
 Айыпсыз тартып азапты,
 Ажалга бардың мен үчүн.
 Тилдешти, сөктү, сабашты,
 Чыдадың ага мен үчүн.
 Күнөөмдү алып Өзүңө,
 Теңирим, өлдүң мен үчүн.

[V3]
 Ааламда болбос мындай жан,
 Күнөөсүз болгон курмандык.
 Тозокко түшпөйт ар адам,
 Ыйсага келсе суранып.
 Тозоктон Ыйса куткарат,
 Кел журтум, тобо кылалык.</lyrics>
<title>Өмүрдүн келип аягы РЫЖ120</title>
<hymn_number>120</hymn_number>
</song>